БИШКЕК. 8-апрелде Жогорку Кеңеш райондук жана облустук кеңештердин укук мөөнөтүн узарткан жок. Парламентке мындай сунуш менен президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев кайрылды. Анын айтымында, алардын укук мөөнөтүн узартуу жер-жерлерде аткаруу бийлиги менен төмөнтөн жогору карай башкаруу бийлигин бекемдөө үчүн зарыл болгон. Ал эми азыр кош бийлик өкүм сүргөн жерлерде бийликти жөнгө салуу үчүн президенттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Үсөн Сыдыков баштаган топ түштүктө, мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучу Дастан Сарыгулов баштаган топ түндүктө аракет көрүп жатат.