БИШКЕК. Өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин коомчулуктун кеңири катмарынын катышуусу менен талкуулого даяр. Бирок президенттик шайлоо өткөнгө чейин Конституцияны жана «Шайлоо» кодексин өзгөртүүгө чек коюп туруу керек, деп билдирди президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев 8-апрелде парламентте. Коррупцияны кыскартуу менен бюджеттин киреше бөлүгү өсөт. Жаңы өкмөткө иштөөгө мүмкүнчүлүк бергиле. Беш күндүн ичинде баарын өзгөртүп жиберүү мүмкүн эмес, деп белгиледи Курманбек Бакиев. Президенттин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызына токтолгон Бакиев, арызды Акаев Жогорку Кеңешке жазгандыктан депутаттар чечим кабыл алыш керек деп айтты. Бакиев жаңы өкмөттө коррупционерлер толуп алды деген маалыматтарды четке кагып, Роза Отунбаева, Исмаил Исаков, Алевтина Проненко, Досбол Нур уулу, Ишенгүл Болжурова, Данияр Үсөновду коррупционер деп ким атай алат деген супроону койду. Эгерде алардын башында турган мен коррупционер болсом, анда алдыңыздарда турбай элем, сиздер болсо шайлабайт элеңиздер, деди Курманбек Бакиев.