Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Президенттин ишмердиги жөнүндөгү мыйзам өзгөрдү


БИШКЕК. 8-апрелде Жогорку Кеңеш «Кыргызстандын президентинин ишмердигине кепилдиктер» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизип,мыйзамдан биринчи президентке тиешелүү бүтүндөй бир главасын алып салды. Аны колдоп жыйынга катышкан 63 депутаттын 60ы добуш берди. Натыйжада, экс-президенттин өзүнө гана кол тийбестик укугу калтырылып, мындай укуктан анын үй-бүлө мүчөлөрү ажыратылды. Андан тышкары президент кайтаруучуларды Кыргызстандын аймагында гана алууга укуктуу болуп, жылына кыргыз элине кайрылуу, Жогорку Кеңештин сессиясында сөз сүйлөө, Коопсуздук кеңешке мүчө болуу жана массалык маалымат каражаттарынын кызматынан акысыз пайдалануу укугунан ажырады. Парламент бул күнү кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин президенттиктен кетүү жөнүндөгү арызын кабыл албай,аны кароону дүйшөмбүгө калтырды. Маалыматтарга караганда, жума күнү кабылданган мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу кол койгондон кийин Акаевдин арызы кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG