Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Сирия менен Израил президенттери кол алышып саламдашкан жок


Бул тууралуу “Ал-Жазира” телеканалында түз ободо Сириянын өкүлү билдирди. Ватиканда Рим папасынын таажиясы маалында сириялык президент Башар Асад менен Израил президенти Моше Кацав эки ирет кол алышып,саламдашканын катарлык телеканалдын Израилдеги кабарчысы Эйли Нисан билдирген эле. Ал ошондой эле Кацав Ватикандагы таажия маалында Иран президенти Мохаммад Хатами менен фарсы тилинде кыскача сүйлөшкөнүн да ырастаган эле. Сирия менен Иранды Израил региондогу өзүнүн негизги эки душманы деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG