Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Иракта жаңы конституция белгиленген мөөнөттөн эрте даяр болот


Өлкөнүн жаңы президенти Жалал Талабани парламент бул ишти августтун ортосуна жеткирбей бүтүрөт деген ишеничте. Иракта парламентке шайлоо өткөндөн бери он жумага аяк басты,алиге чейин жаңы өкмөт түзүлө элек. Мунсуз парламент жаңы конституциянын долбоорун даярдоого кирише албайт. Жаңы шайланган премьер-министр Ибрагим ал-Жаафари кабинет эки аптанын ичинде куралат деп ишендирүүдө.

XS
SM
MD
LG