Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Ватикан Италия өкмөтүнө жана Рим бийликтерине ыраазылык билдирди


Ватикандын баасында, Рим папасынын таажиясына байланышкан иш-чараларды өткөрүүдө, миллиондогон зыяратчылардын келим-кетимин көзөмөлдөөдө бийликтер кынтыксыз иштешти. Иоанн Павел IIнин сөөгү анын керээзине ылайык кечээ ыйык Петр чиркөөсү алдындагы кабырга коюлду. Католик чиркөөсүнүн башчысы менен коштошкону Римге миллиондогон зыяратчылар келишти. Папанын таажиясына эки жүздөй мамлекет жана өкмөт башчылары, дүйнөдөгү негизги диндердин азирети өкүлдөрү катышты. Он сегизинчи апрелде Ватиканда кардиналдардын конклавы – кеңеши чогулуп, Рим католик чиркөөсүнүн жаңы башчысын шайлоого киришет.

XS
SM
MD
LG