Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданууда


Уюмдун өкүлү Алиоз Петерленин айтымында, президент Аскар Акаев бийликтен четтетилгенден кийин деле өлкөдөгү абал бейстабилдүү бойдон калды. Кыргыз парламенти жума күнү Акаевди биринчи президент деген статусуна байланышкан бир катар укуктардан ажыратты. Атап айтканда, Акаев мындан ары өлкөдөгү саясий иштерге активдүү катыша албайт, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кол тийгис кепилдиктери берилбейт. Петерле парламент бир нече күндөн бери Акаевдин отставкасын кабыл алалбай жатканын белгиледи. Бу маселе боюнча парламентте талкуулар дүйшөмбү күнү улантылат.

XS
SM
MD
LG