ЖАЛАЛАБАТ. Райондук бийликтин маңдайына чогулган беш миңдей адам президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен акимдикке дайындалган Айтмамат Осмоновдун кызматка киришүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Базаркоргондон Байыш Асанов, Бегибай Жаңыбаев, Төрөкул Сатиев билдиришти. Алардын айтымында, Айтмамат Осмоновду кызмат ордуна акимчиликтин каалгасын ичинен илип алышкан “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү жана 20 чакты аял мүмкүндүк бербей жатышат. Нааразы болгондор алар менен чыр- чатакка барууну каалашпайт. Айтмамат Осмонов иш кабинетине киргенден кийин ал жерден кетишет. Ал эми “Ата мекен” партиясынын өкүлү Кубатбек Артыков акимчиликти 120 адам ээлеп тургандыгын жана Айтмамат Осмонов тууралуу убактылуу президент Курманбек Бакиев жарлыгын КТР аркылуу жарыялаганда гана Осмонов акимчилик имаратына киргизилээрин билдирди.