Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Д. Үсөнов ишкерлер менен жолугушту


БИШКЕК. Вице- премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 9- апрелде ишкерлерди чогултту. Жолугушууда бийлик менен ишкерлер ортосунда жаңыча багыттагы алакаларды түзүү маселеси талкууланды. Данияр Үсөновдун пикиринде, мамлекет мындан ары таза жана ачык- айкын бизнести гана кубаттайт. Вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данмияров ишкерлерди Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы программасы менен тааныштырды. Ишкерлик үчүн адилет жана таза шарттарды түзүп берүү, бийликтин бардык катмарын коррупциядан арылтуу өңдүү принциптер мамлекеттик экономикалык саясаттын негизин түзөт. Жолугушуунун соңунда, Данияр Үсөнов кыргыз өкмөтү ишкерлер жана бизнесмендер менен дайыма пикир алышып турат деп убада берди.

XS
SM
MD
LG