Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Конституциялык реформа маселелери талкууланды


БИШКЕК. 9-апрелде Бишкекте «Хайат» мейманканасында өлкөдө конституциялык реформаны жүргүзүү маселелери талкууланган тегерек үстөл жыйын өттү. Ага Конституциялык соттун, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, саясий партиялардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында Конституциялык реформанын концепциясын иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңеш түзүү керек деген пикирлер айтылды. Анда Конституцияга өзгөртүүлөрдү президенттик шайлоого чейин киргизүү керек деген пикирлер да ортого коюлду. Бирок, мындай пикирлерге каршы болгон айрым саясатчылар президенттикке талапкерлер тарабынан шайлоодон кийин өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз ара макулдашып алууга тийиш деген сунуштарын айтышты. Жыйында Кыргызстанда парламенттик башкарууга өтүүнүн жана мажоритардык-пропорционалдык шайлоо системасынын киргизилишинин зарылдыгы тууралуу да белгиленди.

XS
SM
MD
LG