БИШКЕК. Кыргызстанда бийликтин алмашуусу күтүлгөн окуя болчу. Мындай пикирин Кыргыз өкмөтүнүн мурдагы вице-премьер министри Борис Силаев Бишкекте билдирди. Ал өзүнүн Москвага төрт жыл мурда кетип калышын дал ушул мурдагы бийлик менен кызматташа албагандыгына байланыштырды. Борис Силаев Бишкектеги жерди басып алуулар боюнча да пикирин айтты. Анын оюнда бул айрым күчтөр тарабынан атайылап уюштурулуп жатат жана кайраттуу аракет көрүлбөсө бул оор жагдайды түзүшү ыктымал. Ал эми Москва өкмөтүнүн тышкы байланыш боюнча кеңешчиси Геннадий Лебедевдин пикиринде, азыркы бийлик өзүнүн кубатын, мүмкүнчүлүгүн, даанышмандыгын далилдөө үчүн бул проблеманы бекем туруп, принципиалдуу чечиши керек. Белгилеп койчу жагы, Москва өкмөтүнүн Борис Силаев жетектеген делегациясы Кыргызстанга ишембиде үч күндүк иш сапары менен келген. Алар иш сапардын учурунда бардык расмий жетекчилер менен жолугушуп, маданий кызматташтыктын жакын арадагы багыттарын талкуулашат. Алардын катарында Кыргызстандын Москвадагы күндөрү, Улуу Ата мекендик Согуштун 60 жылдыгын биргелешип белгилөө өңдүү иш чаралар бар.