Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Бакайаталык шайлоочулар эки күндөн бери Өкмөт үйүнүн жанында


БИШКЕК. Талас облусундагы № 55 Бакайата шайлоо округунан шайланган депутат Жусуп Иманалиевдин шайлоочулары жекшемби күнү Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык чараларын улантышты. Жусуп Иманалиевди мыйзамдуу мандатка ээ деп эсептешип, ага байланыштуу Жогорку сот чыгарган чечимди бул округдан талапкер Равшан Жээнбековдун уюштурганы деп баалап жатышат.

- Биз шайлоодон жададык. Бир шайлоону үч турга, төрт турга калтырса, биз дыйкандар иштейбизби же шайлоо деп жүрө беребизби. Биз шайлоодон жададык. Мен Шакелова Динарамын. Мандат алдыкпы, иштесин ошо.

Жогорку Сот 9-апрелде Ж.Иманалиевдин аппеляциялык арызын карап, бул округдун 18 шайлоо участогунда кайра шайлоо өткөрүү чечимин чыгарган. Чечимге нааразы болгон шайлоочулар ошол эле күнү дароо Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык билдирип келишкен.

XS
SM
MD
LG