Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ кечинде иш сапары менен келген Ганновер шаарында сүйлөгөн учурунда Герхард Шредөр Германия менен Орусиянын азыркы тыгыз мамилеси бүткүл Европа үчүн пайда экенин кошумчалады. Путин Ганноверге эл аралык соода көргөзмөсүнө катышуу үчүн келди. Аны коштогон адамдардын арасында Чеченстандын президенти Алу Алханов да бар.