Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

Жапонияда Кытайга каршы демонстрациялар өтүүдө


Жапонияга каршы нааразылык акциялар эки күн бою уланды. Өлкөнүн түштүгүндөгү Шэньчжэн шаарында кечеээ 10 миңдей адам жапониялыктарга караштуу супермаркетти камалап, мекендештерин жапон товарларын сатып алууга бойкот жарыялоого чакырды. Ал эми Гуанчжоу деген шаарда жапон консулдугунун алдында нааразылык акциясы болду. Буга Токио тарых боюнча жаңы окуу китебин жактырганы түрткү берди.

Кытай тараптын пикиринде, анда жапон армиясынын 20-кылымдын биринчи жарымында Кытайда жасаган кылмыштары эскерилбеген. Мунун аралыгында жапон өкмөтү демонстранттар Пекиндеги элчилигинин айнектерин талкалагандан кийин Кытайдын кечирим суроосун жана жапон жарандары менен алардын кызыкчылыктарын жакшылап коргоону талап кылды.

XS
SM
MD
LG