Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Орусиянын борборуна иш сапары менен кечээ келген эле. Р.Отунбаеванын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болуучу бүгүнкү жолугушуусунда негизинен Кыргызстандагы ички саясий жараяндар талкууга алынчыдай.