БИШКЕК. Учурда Кыргызстандын үч жүз миңден ашуун атуулу паспорту жок жүрүшөт. Мындай көрүнүш өз мезгилинде атуулдардын башка өлкөлөргө жумуш издеп кетүүсүнө тоскоол болуп, жер-жерлерде башаламандыктын чыгуусуна өбөлгө түзүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары 11-апрелдеги отурумунда айтышты. Жыйын соңунда атуулдарды кыска убакытта паспорт менен камсыз кылуу тууралуу токтом кабыл алынды. Ал токтомдо парламенттин тешелүү комитеттерине аталган маселе боюнча жыйын өткөрүп, палатанын жакынкы күндөрү боло турган жалпы отурумуна алып чыгуу тапшырылды. Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш Канттагы цемент-шифер заводунан чыгарылган продукциялардын бааларын төмөндөтүү маселесин келечекте парламент отурумунда кароо тууралуу токтом кабыл алды.