БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 11-апрелдеги отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын башчылык кызматына Туйгуналы Абдраимовду жашыруун добуш менен шайлашты. Добуш берүүгө алтымыш депутат катышты. Алардын ичинен 54 депутат Абдраимовдун талапкерлигин колдоп добуш беришти.