Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Аскар Акаевдин ыйгарым укуктары токтотулду


БИШКЕК. Кыргызстан парламенти 11-апрелдеги отурумунда бийликтен четтетилген президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызынынын негизинде анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. Жыйында айрым депутаттар бул маселени дагы эки аптага кийинкиге жылдырууну сунушташты. Добуш берүүгө келгенде залда отурган 62 депутаттын ичинен 38 депутат Акаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу сунушун колдоду. Андан соң депутаттар Кыргыстанда президенттик шайлоону 2005-жылдын 10-июлунда өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.

XS
SM
MD
LG