Дональд Рамсфелддин визити мурда күтүлгөн эмес. АКШнын коргоо министри Багдадда Ирактын бийлик өкүлдөрү жана америкалык аскерий адамдар кездешмекчи. Мунун алдывнда Багдаддын жанынан америкалык жаран уурдалып кеткенин кабарланган эле. Ал АКШ элчилигинин маалыматына караганда, өлкөнү калыбына келтирүү боюнча долбоорлордун биринде иштечи. Азыр бул үчүн эч бир уюм жоопкерчилик ала элек.
Мунун аралыгында Ирактын батышындагы Каим шарындагы америкалык аскерий базанын жанында жанкечти айдаган автоунаанын жардырулуусунан, жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, эки жөн - жай адам өлүп, үчөөсү жаракат алган. АКШ армиясы бул окуя боюнча маалымат бере элек. Түндүктөгү Самарра шаарында автоунаанын жардырылуусунан жергиликтүү эки адам өлүп, алты киши жаракат алды. Ирак полициясынын айтымында, жардыруу америкалык аскерий күзөткө каршы багытталган.