Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

АКШ президенти Израилге Иордандын Батыш жээгиндеги конуштарын кеңейтпөөнү эскертти


Жорж Буш Израилдин премьер- министри Ариэль Шарон менен Техастагы ранчосунда жолукту. Ал жөөт өкмөт башчысына Израил Иордандын Батыш жэгиндеги жөөт конуштарын кеңейтпеш зарылдыгын эскертти. Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында АКШнын президенти буларга токтолду:

-Мен премьер - министрге "Жол картасы" планы менен байланышкан милдеттемелерге каршы келүүчү же жыйынтык милдеттемелерге кесепетин тийгизчи кадамдарга барбоону айттым. Израил мыйзамсыз курулуштарды көчүрүшү жана Иордандын Батыш жээгиндеги конуштарга байланышкан милдеттемелерин аткарышы керек.

АКШ Израилдин Иордандын Батыш жээгиндеги Маале Адумим деп аталган жөөт конушунда дагы кошумча 3,5 миң үй салуу планына каршы чыкты. Себеби мындай курулуш Иерусалим шаарындагы араб кварталдардын Иордандын Батыш жээгинин аймагынан бөлүп салмак. Ариэль Шарон өз тарабынан Израил "Жол картасы" планын аткарарын, бирок Палестина менен кандай тынчтык келишим болгон шартта да Иордандын Батыш жээгиндеги конуштардын ирилери Израилдин колунда каларын билдирди. Анын мындай сөздөр дароо эле Палестин тараптын сынын жаратты.

XS
SM
MD
LG