Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:01

Темир жолчулар жетекчилигин алмаштырууну талап кылууда


БИШКЕК.Кыргызстандын темир жол башкармасынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери 24-мартта Алатоо аянтындагы митингдин катышуучуларына каршы уруш чыгаруу үчүн пайдаланылган. Бул тууралуу 12-апрелде темир жолчулардын жумушчу кесиптик кошунунун төрагасы Эрнист Дукенов АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.Анын айтымында, чатак чыгарууга катышкан жумушчулардын ар бирине 200 сомдон төлөнүп, «Аксуу» ресторанынан сый тамак берилип, башкармалыктын машиналары пайдаланылган. Кесиптик кошун чатак чыгарууга катышкан жумушчулардын көрсөтмөлөрүн жыйнап, аны кабарлаган катты өкмөткө жиберген. «Бирок, өкмөт азырынча жооп бере элек,-деген Эрнис Дукенов,- жумушчулар чатак чыгарууга темир жол башкармасынын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен баргандыгын билдирди. Эрнис Дукеновдун айтымында, темир жолдун мурдагы жетекчиси Иса Өмүркулов да, азыркы башчысы Нариман Тулеев да темир жолду жеке кызыкчылыгы пайдаланышууда. Ал эми Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков тармакты иликтеп жаткандыгын жана анын жыйынтыгы кийинки жумада каралаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG