БИШКЕК. Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Конституциялык реформаны президенттик шайлоодон кийин өткөрүүнү жактайт. Бул тууралуу ал 12-апрелде «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Шайлоо алдында Конституцияны өзгөртүү туура эмес деген Акыйкатчы Феликс Куловдун сот тарабынан акталышын кубаттарын жарыялады. Турсунбай Бакикр уулу өлкөнүн сотторун алмаштыруу керектигин айтып, бул ишке ашпаса президенттик шайлоонун аягы кейиштүү болушу ыктымал деген оюн билдирди.Акыйкатчынын пикиринде, жерди муктаждарга мыйзам чегинде бөлүп берүү максатка ылайыктуу, ал эми өз алдынча жер ээлеп алууга жол берүүгө болбойт.