БИШКЕК. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңештин биринчи президентке берилген материалдык жеңилдиктер менен артыкчылыктарды алып таштагандыгын эч кабатырланбай кабыл алды. Мындай кабарды 12-апрелде «Кабар» агенттиги таратты. Маалыматка караганда, Акаев 5-апрелде Москвада кол коюлган протокол бузулду деп эсептейт,бирок, өзүнүн кызматтан кетүү арызын парламент кабыл алгандан кийин жеңилдеп калган. Андан тышкары жакын арада Бишкекке келбестигин,бирок, президенттик шайлоодон кийин тиешелүү шарттар түзүлсө кайтышы мүмкүн экендигин белгилеп, анын балдары менен үй-бүлөсү да жакын арада Кыргызстанга кайтууга ниети жок экендигин кабарлаган.