Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:07

Стивен Янг: «Кыргызстан президенттик шайлоодо Борбор Азияга үлгү боло алат»


БИШКЕК. 12-апрелде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда,-Кыргызстанда ыңкылаптын болушуна мурдатан негиздер бар болчу деп билдирди. Анын баамында, ага кызматтан четтетилген Аскар Акаевдин олуттуу үч ката кетиргендиги башкы себеп болду. Биринчиден, Акаев парламенттик шайлоонун ачык жана калыс өтүшүн камсыз кыла алган жок, экинчиден өзүнүн президенттиктен кетээрин эч күмөн жаратчудай кылып таамай айткан жок жана кырдаал курчуп баратканда оппозиция менен диалогго барууну туура тапкан жок. Элчинин баамында, ыңкылаптын болушу кыргыз бийлиги жана эли үчүн күтүүсүз болду жана эми бир топ маанилүү өзгөрүүлөрдү жасоого мажбур кылып жатат. Анын эң башкысы алдыдагы президенттик шайлоону ачык жана калыс өткөрүү. Ал үчүн БШК өкмөттүн кийлигишүүсүнө жол бербей, талапкерлердин бирдей шартта атаандашуусуна шарт түзүүсү зарыл экендигин жана аны менен Борбор Азияга үлгү бере алаарын билдирди. Ал эми акыркы күндөрү күчөп кеткен жер басып алуу окуясын жөнгө салуунун 2 жолу бар деген элчи Стивен Янг «өкмөт аны сүйлөшүү жолу менен мыйзам чегинде чечүүсү абзел» экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG