Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Өкмөт жер бөлүү боюнча токтом кабыл алды


БИШКЕК. 12-апрелде өкмөт жер басып алууну жөнгө салуу жана жер алууга муктаж адамдарга жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык Чүй облусунун Ново=Павловка айыл өкмөтүнө тиешелүү 302 гектар жер турак-жай салууга 5 сотыхтан бериле турган болду. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен жер басып алууну иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, коомдук уюмдардын, айыл өкмөттөрүнүн жана райондук бийликтердин 30 өкүлү кирди. Андан тышкары өкмөт дагы бир токтом чыгарып, анда Чүй облусунун бийлигине, мамлекеттик архитектура комиссиясына жана кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун каттоо агенттигине Бишкекке жакын жерде мурда берилген жердин баарын каттоого алууну тапшырды. Бишкек мэриясы да курулуш үчүн берилген жерлерди, курулуп бүтпөй калган үйлөрдү каттап, аларды пайдалануу сунушун киргизүүгө милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG