Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Иракта АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд болду, кол салуулар уланууда


АКШнын армиясынын билдиргенине караганда, түндүктөгү Мосул шаарынын айланасында эки автоунаанын жардырылуусунан он адам өлүп, жыйырмадай киши жаракат алган.

Ал эми АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд кечээ Багадда Ирактын бийликтери менен сүйлөшүү өткөрдү. Ал өлкө бийликтерин конституциялык өкмөт түзүүнү кечеңдетпөөгө чакырды. Ирактын жаңы президенти Жалал Талабани, премьер- министри Ибрагим Жафаари менен бирге өткөргөн прес-конференцияда АКШнын коргоо министри буларды белгилей кетти:

-Биз Иракта буга чейин орун алган жетишкендиктерди кубаттайбыз. Конституцияны иштеп чыгууда жана Баш мыйзамга ылайык шайлоо өткөрүүдө ийгиликтерди каалайбыз.

Ирактын президенти Жалал Талабани өз кезегинде өкмөт ушул аптанын аягына чейин түзүлүп калат деген ишенич билдирди. Дональд Рамсфелддин айтымында, АКШ Ирактын айрым өкүлдөрү сунуш кылгандай өлкөнүн жаңы Конституциясын жазуунун мөөнөтүн артка жылдырып, август айынан февралга которуу жөнүндөгү сунуштарга каршы болот.

XS
SM
MD
LG