Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Жон Негоропонте АКШнын чалгын кызматтарын реформалоону убада кылууда

АКШнын президенти Жорж Буш Жон Негропонтени Улуттук чалгын боюнча алгачкы директордун кызматына көргөзгөн. Сенатта, анын талапкерлигин талкуулаган тиешелүү комитетте сүйлөгөн сөзүндө Негропонте чалгын кызматтарын реформалоону убада кылып, мындай деди:

-Улуттук чалгын боюнча директор катары менен чалгын жамаатыбыз алдыны көздөй ыктап, бирок обьективдүү , токтоо бирок тобокелчил эмес, ар дайым биздин өлкөнүн баалуулуктары менен тарыхына берилүүсү үчүн эч бир күч- аракетимди аябайм. Биз тармактын бир бөлүгүнөн чыккан маалымат экинчисине жетишин кепилдешибиз керек.

Улуттук чалгын боюнча директор он беш мекеменин ишин көзөмөлдөп, координациялайт. Мындай кызматты киргизүү сунушу 2001-жылдын 11 сентябрындагы терракттардын чоо-жайын иликтеген комиссиянын жыйынтыктоочу докладында айтылган болчу.

XS
SM
MD
LG