Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

ОРУСИЯНЫН ИЧКИ АБАЛЫ ОШОНЧО ЭЛЕ БАКУВАТПЫ?


Муса Мураталиев Шаршембиде Орусиянын кай бир шаарларында студенттердин көчөгө чыгуусу болду. Студенттик профсоюздар таркаткан маалыматка караганда, өлкөдө жүрүп аткан агартуу реформасына нааразылык билдирип көчөгө чыккан студентер менен жаштар эсеби 10 миңден ашкан. Алар жогорку билим алуу сапаттуу жана бекер болсун деген талап коюшат.

Орусияда социалдык реформа тушоосу кесилгенден тарта анын кысымынан нааразы болуп көчөгө чыккандар эсеби артып барат. Андай эсептин чейрек миллионго жеткенин биз мурда айткан элек. Буга дейре пенсиядагы карылар, майыптар нааразы болуп атышкан.

Шаршембиде болсо Маскөөдө өкүмөт үйүнүн алдында пикет уюштуруп, ага миңдеген улан кыздар, болгондо да ар кыл окуу жайларынан келген студенттер катышышты. Жаштардын көтөрүлүшүн колдоого алган «Мекен», КПРФ, «Яблоко», НБП жана башка жаатчылыгы болушкан. Маселен, ЛДПР партиясынын лидери Жириновский өз чөнтөгүнөн Маскөөдө пикет уюштурган студенттерге 200 миң рубль таркатып берген.

Өкмөт үйүнүн алдына келгендер арасынан кеп алган Бауман атындагы МГТУ студенттик профсоюзун жетектеген Олег Денисов:

-Биз стипендиянын өлчөмүн эки мротко теңелишин талап кылабыз. Сабак берүүчүлөр айлыгынын эки эсеге көбөйтүлүшүн талап кылабыз. Бүгүн бул аянта биз менен кошо Маскөөнүн жогорку окуу жайларынан, Липетскиден, Воронеж, Маскөө облусунан келген студентер турушат- деди.

Ал эми Нижний Новгороддо көчөгө чыккан студентер орусиялык өкүмөттү кызматтан алуу талабын коюшкан. Аны биз «Азатыктын» кабарчысы Олег Родин жиберген баяндан билдик. Анда «Бийлик студентерди баррикадага чыгууга мажбурлап атат. Биздин өлкө азыркы тушта муунайзаттан эң көп киреше таап атат. Ал акчалар кайда? Андай акчага кар болгондор ким? Биз! Анда ошол акчаны тартып алыш керек! Келгиле, биригели! Өкүмөтү кулаталы!» деген чакырык айтылган.

Ал эми ордо калаада өткөн митингде билим алуунун бекер болушун талап кылышты. Маселен, Орел мамуниверситетинен келген, өзүн Наташамын деп таанышкан студент кыз:
-Мен билим алуунун бекер болушун каалаймын. Кийин биз ушул эле мамлекетте калып иштейбиз го. Анда эмне үчүн биз билимди акча төлөп алышыбыз керек?- дейт.

Ал эми Орусиянын элге билим берүү министри Андрей Фурсенко кечке жуук студентер өкүлдөрү менен жолугуп, аларга айткан акылы:
-Мен буга дейре эле айткамын. Стипендияны ар башка төлөш керек. Жогорку окуу жайларына алардын профсоюздук уюмдарынын катышуусу менен студенттин үйүнөн алчу жардамга карап, стипендия чектөөнү мен өтө маанилүү иш деп эсептеймин-

Жаштар менен студенттер көчөгө чыгуусун кремлдик тарап коммунистик, «Яблоко» жана башка оппозициялык партиялар уюштурду деп эсептешүүдө. Ошол эле учурда Мамдумадагы 450 депутат ичинен Фрадков кеңсеси турмушка ашырсам деп аткан социалдык реформага кабыргасы сөгүлгөн 112 депутат бар экени ким кимге маалым.

XS
SM
MD
LG