Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Британиялык компания Кыргызстанга инвестиция жумшайт


Британиялык «Голден энд Сильвер» тоо-кен компаниясы Кыргызстанга 100 млн АКШ доллар өлчөмүндө инвестициясын салууга даяр. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Бени Синбетти Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Данияр Үсөнөв менен болгон жолугушуусунда билдирди. Бени Синбетти мырза белгилегендей, 100 млн доллардын 70 пайызына жакыны өлкөнүн тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө, ал эми калган бөлүгү экономиканын башка тармактарында жумшалышы пландаштырылууда.

«Голден энд Сильвер» компаниясы ошондой эле кыргыз өкмөтүнө өлкөгө инвестицияларды тартуу иштерин жакшыртуу боюнча өз сунуштарын берүүгө даяр. Компаниянын демилгеси менен кийинки айда Кыргызстанга Улуу Британия, АКШ жана Германиядан курулуш, тоо-кен, текстил, тамак-аш өнөр жай тармактарында иштеген ири компаниялардын өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG