Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:03

Айдар Акаев кирешелүү ишкананы казакстандык компанияга саткандыгы маалымдалды


Кызматтан четтетилген мамлекет башчы Аскар Акаев Улуу Британиянын «Гардиан» гезитине берген интервьюсунда Кыргызстандагы эң кирешелүү «Бител» ишканасы өзүнүн баласы Айдар Акаевге жана кыргызстандык атуул Нурбек Турдукуловго тиешелүү экиндигин мойнуна алган. Бул тууралуу «Акипресс» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Ошондой эле аталган маалымат агенттиги «ВИТЕЛ» компаниясынын жетечилери Кыргызстандан 20 миллион долларды алып чыгып кеткендигин маалымдады. Ал эми Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун маалыматына караганда, учурда тиешелүү бийлик органдары Аскар Акаев жана анын үй-бүлөө мүчөлөрүнө тиешелүү делинген ишканаларды тактап, иликтөө жүргүзүүдө.

«Бител» компаниясы казакстандык Seimar Investment Group ишканасына сатылгандыгы тууралуу 13-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйынында аталган компания өкүлдөрү билдиришти.

XS
SM
MD
LG