Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

БШК тил комиссиясын түздү


БШК нын 13-апрелдеги отурумунда президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча календардык план бекитилди. Ага ылайык президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 26-майда, ал эми талапкерлерди каттоонун мөөнөтү 13-июнда соңуна чыгат. Ошондой эле бул планга ылайык талапкерлерди колдоо боюнча атуулдардын колун чогултуу жана аны каттоо 2-июнга чейин созулаары көрсөтүлдү.

БШК нын маалымат кызматынын кабарлоосуна Караганда, бул күнкү жыйында президенттикке талапкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча комиссиянын курамы да такталып, бекитилди.

XS
SM
MD
LG