Бүгүн Рамсфелд Ооганстанда болду. Ооганстандын президенти Хамид Карзай америкалык министр менен жолуккандан кийин анын өлкөсү АКШ менен коопсуздук тармагында узак мөөнөттүү алакаларды курууга кызыкдар деп билдирди:
- Ооган эли бул кызматташтыктын экономикалык, саясий чөйрөнү камтыган, кеңири болушун каалайт..
Рамсфелд АКШ менен Ооганстан ортосундагы аскерий кызматташууну оң баалады.
Министр бүгүн кечинде Пакистанга аттанат.
Эртең болсо Пентагондун башчысы Кыргызстанга барат деп күтүлүүдө. Министр Кыргызстандын жетекчилиги менен эки өлкөнүн аскерий кызматташуусун өнүктүрүүнү талкууламакчы. Маалымат агенттиктери Рамсфелд Кыргызстандын мамлект башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, утурумдук тышкы иштер министри Роза Отунбаева жана коргоо министри Исмаил Исаков менен жолугушат деп кабарлашууда.
Кечээ Россиянын Бишкектеги элчиси Евгений Шмагин жана Исмаил Исаков аскерий кызматташууну өөрчүтүү маселесин талкуулашкан.