Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Таласта өлкөдөгү саясий абал талкууланды


ТАЛАС. Талкууга Таластагы үч шайлоо округундагы депутаттыкка талапкерлердин шайлоо штабынын мүчөлөрү, округдук жана облустук шайлоо комиссияларынын төрагалары менен мүчөлөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышышты. Анда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун ыплас өткөндүгүнөн улам элдик революция Акаевдик бийликти алмаштырганы менен саясий абал дагы деле оор экендиги айтылды. Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү алмашканы менен Таласта дагы эле Акаевдик замандын бир да атка минээри алмаштырылбай жаткандыгы сындалды. № 55 Бакайата округундагы шайлоонун ыплас өтүшүнө түздөн-түз көмөктөшкөн аткаруу бийлигинин жетекчилери 1-майга чейин алмаштырылбаса, кайталап добуш берүү дагы ыплас өтөт дешти жыйындын катышуучулары. Талас шаардык жана Бакайата райондук аткаруу бийлигинин өкүлдөрү шайлоочулардын тизмелерин жогору жактагылардын көрсөтмөлөрү менен атайылап көбөйтүшкөндүгүн моюндарына алышты.

XS
SM
MD
LG