Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Өзбекстандын чек арачылары Сох анклавындагы бир чек ара бекетин Кыргызстандын аймагына жылдыруу аракеттеништи


БАТКЕН. Баткендин Каратокой айылы менен чектешкен Өзбекстандын Сох районундагы Девайран айылындагы чек ара бекетин өзбек чекарачылары Кыргызстан аймагына 150 метр кирип орнотууга аракет кылышкан. Аны облустук бийликтин өкүлдөрү байкап калышканда өзбек чек арачылары бекетти жөн гана тегиз жана кененирээк жерге жылдырууну көздөп жатышканына шылтоолошкон. Облустук бийликтин өкүлдөрү өзбек чек арачыларына бекетти жылдырууну токтотуу талабын коюшуп, аны турган жеринен жылдырууга эч кандай негиз жоктугун жана алардын мындай аракети мыйзамсыз экенин айтышкан. Ушундан соң гана аталган чек ара бекетин жылдыруу аракети токтогон. Учурда бул жердеги кырдаал Баткендеги Бозадыр чек ара бөлүмчөсү жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынууда. Мындай маалымат облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевден 14-апрелде алынды.

XS
SM
MD
LG