Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 22:15

Парламент конституциялык реформаны жүргүзүү аракеттерин көрөт


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш эмдиги айда Кыргызстанда конституциялык реформа жүргүзүүгө даярдык көрүү маселесин талкуулайт. Ага негиз берген чечимди парламент 14-апрелде кабыл алып, маселени кароого даярдоону конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот реформасы боюнча комитетке тапшырды. Конституциялык реформа жүргүзүү демилгесин Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова 2-апрелде көтөрүп, аны белгилүү саясатчылар менен «Менин өлкөм» саясий партиясы колдоп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG