Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:30

Д.Рамсфельд Кыргызстанда болду


БИШКЕК. Азыр дүйнө эли Кыргызстандагы акыркы саясий өзгөрүүлөргө өтө кызыгуу менен көз салып турат. Мындай оюн 14-апрелде АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфельд президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен жолугушуудан кийин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы саясий окуялар өлкөнүн Борбор Азиядагы стратегиялык салмагын өзгөртпөйт. АКШ Кыргызстан менен эки тараптуу аскерий-техникалык жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуусун улантат. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Дональд Рамсфельд менен жолугушууда саясий-экономикалык, аскерий кызматташуу жана жайындагы президенттик шайлоого даярдык көрүү тууралуу сүйлөшкөндүгүн билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоо Кыргызстандын Конституциясынын жана ЕККУнун талаптарына ылайык өтөөрүнө ишендирген.

XS
SM
MD
LG