Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Германиянын полициясы шектүү исламчыл экстремисттерге рейд жасады


Мүнхенде 28 жайда тинтүү жүрдү. Экстремисттер менен байланышкан жана арам акчаны адалдаган деп шектелген эки кишинин үстүнөн жүрүп жаткан тергөө ишине байланыштуу, Германиянын жана Европанын дагы бир катар шаарларында үйлөр, кеңселер, мечиттер тинтилди.

Бүгүн ошондой эле Германиянын жана Болгариянын тартип сактоочулары киши соодасы жана сойкулукка далдалчылык кылуу менен алектенген деп шектелген 40 кишини Германияда камакка алды. Болгарияда да үч киши кармалды. Алар Болгариянын теги түрк аялдарын Германияга, Белгияга, Голландияга жана Францияга сойкулукка сатууга көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Германияда кармалгандардын 15и сойкулар болду. Камакка алынгандардын жанынан жасалма паспорттор табылган.

XS
SM
MD
LG