Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Ош облусунун Карасуу районундагы мамлекеттик фондко тиешелүү жерди жүздөй адам басып алды.


ОШ. Ош облустук агрардык өнүгүү департаментинин башчысынын орунбасары Гүлсина Алмамбетова Карасуу районунун Савай жана Отузадыр мамлекеттик үрөн чарбаларынын беш жылдан бери ижарага пайдаланып келишкен айдоо жерлерин адамдар өзүм билемдик менен басып алышып, үй салуу максатында таш, топурак түшүрө башташкандыгын билдирди. Ал эми жогоруда аталган үрөнчүлүк чарбаларынын жетекчилери айдоо аянтында өсүп калган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талкалангандыгына кыжырданып жатышкандыктарын билдиришти. Ош облусунун прокурору Абдыганы Шерипбаев мыйзамсыз жер басып алууну атайлап уюштурган адамдарды иликтөө боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, жер басып алууга шыкактап жаткан адамдар жоопкерчиликке тартылышаарын эскертти. Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков бул боюнча атайын комиссия түзүлгөндүгүн, ал жер басып алган адамдардын үй салуу үчүн жерге болгон муктаждыктарын текшерип, аларга мыйзамдын негизинде башка аймактан жер бериле тургандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG