Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Бермет Акаевга каршы митинг болду


БИШКЕК. 15-апрелде Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Бермет Акаеванын бир күн мурун парламентке келишине байланыштуу митинг өттү. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы, «Кел-кел», «Бирге», «Интербилим» жана №1 Университет шайлоо округунунан талапкер Болотбек Мариповдун шайлоочулары биргелешип уюштурган бул нааразылык иш-чарасына 500 чамалаш киши катышты. Алар Бермет Акаевадан мандатын өткөрүп беришин, анын иштешине шарт түзсө, парламенттин тарашын жана төрага Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишин, Жогорку Соттун толук курамында иштен четтетилишин талап кылышты. Эки ирет парламенттин ичине кирүү аракети жасалып, милиция кызматкерлеринин калың тосмосунан өтө алышкан жок. Эки сааттан кийин төрага Текебаев митинг өткөрүп жаткандар менен жолугушуп, алардын койгон суроолоруна жооп берди. Ал өз сөзүндө жетекчилерди эмес, системаны өзгөртүүнү колдой тургандыгын билдирди. Митинг түш ченде тарады.

XS
SM
MD
LG