Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:32

Баткен- Лейлек жолуна көпүрө курулат


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин өнөр жай жана курулуш бөлүмүнүн маалыматына караганда, узундугу үч жарым чакырым аралыкты камтыган бул көпүрөнүн курулушу менен Лейлек району, Сүлүктү шаарынын жана Баткен районунун үч айыл өкмөтүнүн эли облус борборуна азыркыдай Тажикстан аймагын аралабай түз каттоосуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Көпүрөнүн курулушун бүт бойдон Европа биримдиги каржыламакчы. Учурда стратегиялык мааниси чоң бул курулушту куруу үчүн эки долбоор иштелип чыкты. Эми анын ыңгайлуусу тандалып алынган соң, курулуш иштери башталмакчы. Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн өткөн жылдагы келишимине ылайык тажик тарап бул көпүрөнүн курулушу үчүн өз аймагынан андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен 49 жылдык мөөнөттө үч жарым гектар жерди ижарага берген. Ал эми Кыргызстан Тажикстанга Баткен-Канибадам электр линиясы үчүн ошондой эле шартта жер бөлгөн.

XS
SM
MD
LG