Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:24

Казакстандан өкмөттүк делегация келет


БИШКЕК. 18-апрелде Кыргызстанга Казакстандын өкмөттүк делегациясы келет. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат кызматынан билдиришти. Казакстандын энергетика жана минералдык ресурстар министри Владимир Школьник жетектеген делегация Кыргызстандын президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев, вице-премьер-министрдин милдеттерин аткаруучу Данияр Үсөнөв менен жолугушат. Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умарбек Узбековдун маалыматына караганда, казак делегациясы кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүү маселелерин да талкуулайт. Ушул эле күнү казак делегациясы иш-сапарынын жыйынтыктары боюнча журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрөт.
XS
SM
MD
LG