Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

Замира Сыдыкова Кыргызстандын АКШдагы элчиси болот


БИШКЕК. «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалышы күтүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Роза Отунбаева 16-апрелде «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде билдирди. Анын маалыматы боюнча 15-апрель күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар боюнча комитетинде АКШга элчи кылып дайындоого Замира Сыдыкованын талапкерлиги жактырылды. Роза Отунбаева белгилегендей, Замира Сыдыкова 92-жылы ачылган «Республика» гезити аркылуу Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө чоң салымын кошту.

XS
SM
MD
LG