Түштүк Американын Эквадор мамлекетинин президенти Лучио Гутиерез кечээ күнү Жогорку сотту таркатып, өлкөдө өзгөчө абал тартибин киргизди. Акыркы эч күн бою Эквадордо бийликке каршы элдик демонстрациялар болуп өткөн, декабрда болсо өлкө Конгрессинде президентке импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлгөн жана Жогорку сот ошол маселени караштырып жаткан.