Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:14

Токтогулда нааразылык чарасы болду


БИШКЕК. 17-апрелде Токтогул районунда Жогорку Кеңештин депутаттагына ат салышкан Токтосун Мадияровдун тарапкерлери нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Мадияровдун тарапкери, райондук элдик кошуундун төрагасы Исламкожо Иманов билдирди. Анын айтымында, райондук акимчиликтин алдына чыккан 200дөй адам Жогорку соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылышты. Эгерде ал талап аткарылбаса жол тосуу сыяктуу кескин чараларды көрүшөөрүн билдиришүүдө. Ал эми Жогорку сот өтүп бараткан жуманын соңундагы чечими менен Токтогул шайлоо округу боюнча жеңишти Мадияровдун атаандашы Тайырбек Сарпашевге ыйгарган. Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кезметчиси Ысмаил Акматалиев райондук администрация алдына 60тай адам чогулганын, бирок түштөн кийин тарап кетишкенин билдирди. 18-апрелде Токтогулга Жалалабад облусунун губернатору Жусуп Жээнбековдун келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG