БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун вице- премьер министрлик кызматка дайындалуусу күтүлүүдө. Мындай маалыматты депутаттын өзү да тастыктап, бирок учурда шайлоочулары менен жолугушуп, алардын уруксатын алып жүргөнүн 17-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, бул маселеге 18-апрелде чекит коюлат. Адахан Мадумаров 15-апрелде парламентте сүйлөгөн сөзүндө президенттикке талапкерлер ортосунда шайлоодон кийин элди көчөгө алып чыкпоо жөнүндө макулдашууга кол коюуну сунуштап, азыркы шартта талапкерлер бөлүнүп-жарылууга барбаш керек деп билдирген.