Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Кипрдин түрк атуулдары президент шайлоодо

Ким жеңип алса ал жумуриятта 30 жылдан бери жетекчилик кызматта болгон, аралдын түрк жана грек тарабынын биригишине кастарын тиккен Рауф Денкташтын ордуна келет. Башкы талапкер - кипрдик гректер менен биригүү сүйлөшүүсүн жактаган Мехмед Али Талат экендиги айтылууда.

Рауд Денкташ бүгүн добуш берип жатып: - Туруктуу тынчтык деген Кипрдин түрк атуулдарынын өз республикасына ээ болуп, тең укуктуу жашоо укугунун да туруктуу таанылышын билдирет. Ошондо тынчтык өсүп-өнөт, достук бекемделет. Жаңы жетекчи мен атап өткөн жоболор кепилдене электе, элдешүүгө шашылбайт деп үмүттөнөм деди.
​
XS
SM
MD
LG