Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

«Каракол жарандык бирлик» коомдук бирикмеси К. Бакиевге, Ө.Текебаевге кайрылды


КАРАКОЛ. Кайрылуу аталган бирикменин координациялык кеңешинде кабыл алынды. Анда кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо, Акаевдин бийлигин колдогон чуулгандуу айрым жетекчилерди жоопко тартуу, элдик байлыкты талап-тоноо аркылуу байыган байлардын мүлкүн текшерип, аларды соттун чечими менен кайра мамлекеттик менчикке алуу талабы коюлду. Ошондой эле республикадагы саясий абал курчуп турган азыркы учурда ар кандай жердешчилик, саясий, диний келишпөөчүлүктөрдү жалпы Кыргызстандын келечеги үчүн жоюп, калайык-калкты ынтымакка чакыруу керек. Кадрларды өң-тааныштык аркылуу тандоо туура эмес. Элдик ыңкылаптын жеңишине түздөн-түз таасир тийгизген оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды бийликке алып келүү зарыл. Ал эми сотторду көз карандысыз бийлик бутагы катары жалпы элдик шайлоо аркылуу дайындоо туура деп эсептейбиз. Мына ушундай суроо-талаптар менен чыгышты кайрылуу ээлери.

XS
SM
MD
LG