БИШКЕК. Кечээ казак өкмөтү Кыргызстанга күйүүчү май сатуу боюнча бөлүнгөн квотанын өлчөмүн жогорулатуу тууралуу токтом кабыл алып, анын чегинде 10 миң тонна күйүүчү май бермей болду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Данияр Үсөнов 18-апрелде билдирди. Анын кабарына караганда, убада кылынган майдын 3 миң тоннасы Чимкент аркылуу Кыргызстанга ташыла баштады.