Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Жер сатууга тыюу салынышы ыктымал


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында үй куруу үчүн бөлүнгөн жайдак жер аянттарын сатууга тыюу салуу тууралуу документтин долбоорун даярдап Жогорку Кеңешке сунуштаганы жатат. Долбоорго ылайык бөлүнгөн жерге курула баштаган турак үйдүн 50% бүткөн шартта гана сатууга уруксат берилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» берген маегинде биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, үй куруу үчүн жер аянттарын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Ишенбай Кадырбеков билдирди. Анткени, 4-5 соткелик жер аянттары 10 миң долларга чейинки каражатка сатылып, чайкоочулуктун булагына айланууда. Ошондуктан, комиссия учурда Бишкек шаар ичиндеги жана айланасындагы жер аянттарын иликтеп, кайрадан эсепке ала баштады.

XS
SM
MD
LG