Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

Кулов президенттикке барса, Атамбаев талапкер болбойт


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов президенттик шайлоого катыша турган болсо, «Социал-демократтар» партиясынын башчысы Алмаз Атамбаев президенттик шайлоого талапкер катары катышпайт. Бул тууралуу Алмаз Атамбаев 18-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Ошондой эле ал жакында Орусия думасынын КМШ өлкөлөрү боюнча комитетинин башчысы Андрей Кокошиндин чакыруусу менен аталган өлкөгө баргандыгын маалымдады. «Жолугушууда мен орусиялык саясатчыларга Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал тууралуу маалымат бердим» деп кошумчалады Алмаз Атамбаев.

XS
SM
MD
LG